US Agency for Global Media USAGM

News and Information from Around the World

← Back to Direct feed

"Чийилип көнүп калгам". Аалы Туткучев Таластагы майрамда ырдабай калганы боюнча үн катты

14 Sep 2026, 13:41 GMT
Download metadata bundle
BBC logo
Article "Чийилип көнүп калгам". Аалы Туткучев Таластагы майрамда ырдабай калганы боюнча үн катты

Төкмө акын Аалы Туткучев Таласта Кыргызстандын Эгемендигинин 35 жылдыгына арналган иш-чарада ырдабай калганына байланыштуу коомдук талкуулардан кийин өз пикирин билдирди. Ал буга чейин Таласта ырдабай калганына "протокол" себеп болгонун кыйыткан. Ал эми Талас облусунун жетекчиси Эрмат Жумаев акынды иш-чаранын программасын тактабай туруп чакырганын айтып, муну өзүнүн кемчилиги деп атады.